“Бийлик дегенди түшүнө албайм”: Ыдырыс Исаков экинчи ирет суракка чакыртылды

Журналист, блогер Ыдырыс Исаков экинчи жолу суракка чакырылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, бүгүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кошумча суроолор бар экенин айтып, дагы суракка чакырган.

«Кыргызстанда кылмыштуулук азайып, тергөөчүлөр бекер калгандай болуп, милициянын менин аракетимден кылмыштын курамын издеп жаткандай. Мен ушу бийлик дегенди түшүнө албайм. Көксөгөн бийликке жеткенден кийин мурчуюп отуруп жумушту кыла берсе эмне болот? Же менин Жапаров президент болгонго чейинки сөзүм эми бирдемени чечеби? Кырдаалга эми таасир этеби? Негизи эле элдин бийликке ичи чыкпаганга, алымсынбоого, нааразы болууга да акысы жокпу? Кыскасы милицияга азыр кайра барам. Мен ушундай бекерчимин», — деп жазган Ысаков.