Түркияда уранды алдында калган 7 жашар бала куткарылды

Түркиянын Диярбакыр шаарында куткаруучулар жер титирөөдөн улам талкаланган үйдүн урандыларынын астынан жети жашар баланы тирүү алып чыгууга жетишти, деп билдирет РИА Новости.

Кахраманмараш провинциясында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болуп, бир катар шаарларында кыйроолорго алып келди.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай жер титирөөдөн 284 киши каза болуп, 2500гө жакыны жаракат алганын билдирген.

Бала үйдүн урандыларынын астында жети сааттан ашык убакыт жаткан. Жергиликтүү тургундар сууктан жуурканга оролгон баланы тез жардам кызматына өткөрүп берүү үчүн коридор уюштурушкан.

rebenok 1200x630 1 Түркияда уранды алдында калган 7 жашар бала куткарылды