Бактыбек Калмаматовдун кишенделген видеосу чыкты

Экс-депутат Бактыбек Калмаматовдун баш коргоо чарасы каралууда. Бул тууралуу Клара Сооронкулова фейсбук баракчасынан туз эфир аркылуу билдирди.

Сотко алгач Клара Сооронкулова киргизилбей тургандыгы айтылып, ал мыйзамда андай маселе жок экендигин айтып, ошол киргизбей жаткан кызматкерди тартты.

Видеодо Бактыбек Калмаматов кишенделип отурганын байкасак болот.

Эске салсак, шул жылдын 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда чек арачылар ага өлкөдөн чыкканга болбой турганын айтып, «күбө катары суракка чакырылганы» тууралуу кагаз беришкен.

Кийин ага аймактар аралык кастыкты коздуткан деген кине тагылган.

YouTube video