Сумая Хосилжанованын өлүмү. Кармалган шектүүгө «опер» кызматкерлери басым кылып мойнуна алдырткан

18-ноябрь күнү дайынсыз болуп, тогуз күн өткөндөң кийин жансыз денеси табылган тогуз жаштагы Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектүү деп Сузактын 48 жаштагы тургуну кармалган. Бирок, бүгүн анын адвокаты Мунарбек Сулайманов А.Усмановдун күнөөсү далилденген жок деп билдирди.

«Күбө катары чакырылып, суракка алынган Алишер Усманов 2008-жылы Жалал-Абад облустук психоневрологиялык диспансерде «шизофрения» диагнозу боюнча 14-марттан баштап 12 күн дарыланган. Анын апасы 40 жыл бою нотариус болуп иштеген адам. Алардын өтүнүчү менен адвокат катары иш алып баруудамын. Милиция кызматкерлери психологиялык басым жасап, күнөөнү мойнуңа аласың дегени үчүн башында күнөөлүүмүн деп, өз версиясын айтып бериптир. Бирок, анын айтып бергендери жүрүп жаткан иштин жагдайына таптакыр дал келген жок.

Мен коргоп жаткан Усманов, Сумая мектептин короосунда 5-6 кыз менен ойноп жатканда өзүнө кол шилтеп чакырып, алдоо жолу менен жетелеп чыгып кеткенин айтып бериптир. Бирок, биз ал айткан жол аркылуу милиция жетекчилери, прокуратура кызматкерлери менен басып териштирсек, чындыкка такыр туура келген жок. Түшкү саат 12:00дө көчөдө адамдар көп болот эмеспи, тогуз жаштагы кызды жүрү деп ээрчитсе кете бермек беле?

Мен андан эмнеге мындай туура эмес маалыматтарды бердиң десем ал мага: “Опер кызматкерлери ушундай деп айтасың дегени үчүн айтып бергем. Мени сабап, майып кылып коебуз деп коркутушкан”, – деп чынын айтты. Ал окуя болгон күнү сыртка чыкпаганын билдирди. Чоң басым болгону үчүн гана мындай версияны жаңыртууга аргасыз болуптур. Чыныгы кылмышкерди азыркы күнгө чейин таппаганы үчүн, милиция кызматкерлери дал ушул адамды тандап алышкан.

Булар Сузактын эки башка айылында турушат, Усмановду шектүү катары эмес, күбө катары суракка алышты. Мурунку “Шизофрения” диагнозу боюнча азыр Кызыл-Жарга экспертиза жүргүзүү үчүн алып кетишти. Ал ооруусу такталабы же жокпу, Усмановдун күнөөсү далилдениши мүмкүн эмес. Анткени алардын колунда эч кандай далилдер жок. Эми үй-бүлөсү менен бул маселе боюнча сотко кайрылууну талкуулап жатабыз”, – деп адвокаты билдирди.

Белгилей кетсек, күбө катары чакырылган адам аялы менен ажырашып кеткендиги жана анын эки кызы болгондугу айтылган.