Сот Бактыбек Калмаматовду үй камагына чыгарды

Бишкек шаардык соту мурдагы депутат Бактыбек Калмаматовду үй камагына чыгарды. Бул туурасында шаардык сот кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди шаардык сот бүгүн, 20-январда чыгарган. Ал 9-февралга чейин үй камагында болот.

Парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда «Манас» эл аралык аэропортунан кармаган. Атайын кызматы аны «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айыптаган.

Биринчи май райондук соту аны 9-февралга чейин абакта калтырган.