Сот Бактыбек Калмаматовду 2 айга камоо чечимин кабыл алды

Бишкектин Биринчи май райондук соту оппозициялык саясатчы Бактыбек Калмаматовду 9-февральга чейин камоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу анын адвокаты билдирди.

Саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган.

22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалган.

Калмаматовдун адвокаты Мырза-Айым Камчыбекованын айтымында, атайын кызмат Калмаматовго Фейсбуктагы “Нур Азиз” аттуу колдонуучу жазган билдирүүлөр боюнча айып коюп жатат.

Бактыбек Калмаматов ушул жылдын 11-январында өткөн президенттик шайлоого катышкан.