Балбан Акжол Махмудов ОшМУда жаштар менен жолугушту

Акжол Махмудов бүгүн, 24-декабрда, Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) жаштар менен жолугушту. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууга спортчунун Ош шаарындагы күйөрмандары, ОшМУнун окутуучулары, студенттер катышып, анын жеке жашоосу, спорттогу ийгиликтери, алдындагы максаттары боюнча суроолорду узатышты.

Жолугушууда Махмудовдун жаш күйөрманы аны кумир тутарын айтып, үйүнө конокко чакырды.

Акжол Махмудов жаштарды өзү сүйгөн кесипти татыктуу аркалоого, мекенди сүйүүгө, китеп окууга, максатка жетүү үчүн талбай эмгектенүүгө чакырды.

“Акжол Махмудовго жана машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин “ОшМУга даңк” медалын тапшырды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына грек-рим күрөшү боюнча мелдеште күмүш медаль тагынган.