«Женго» каймана аттуу Кадыр Досонов убактылуу үй камагына чыкты

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү Кадыр Досонов убактылуу үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-декабрда Досоновдун иши тергелип бүтүп, Кара-Суу райондук сотунун өндүрүшүнө алынган. 17-декабрда айыпталуучунун жактоочусу Досоновдун бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Сот аны канааттандырган.

«Досоновко карата үй-камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 2022-жылдын 15-февралына чейин тандалды. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча атайын операциясынын жыйынтыгында «Женго» каймана аты бар Кадыр Досонов кармалган.