Кадыр Досонов бир кылмыш иши боюнча акталды

«Женго» каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун лидери делген Кадыр Досонов бир кылмыш иши боюнча акталды. Маалыматты Ош облустук сотунун маалымат кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Досонов башка бир кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу абактан бошотулган.

«Кара-Суу райондук сотунун 14-июндагы чечими менен Досоновго байланыштуу бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу боюнча кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскарган, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдаштырууга байланышкан кылмыш иши боюнча акталган»,-деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2021-жылдые 11-февралында «Женго» каймана аты менен таанылган Кадыр Досонов кармалганын кабарлаган. Ага 2020-жылдын ноябрь айында оор кылмышка шектүү деп издөө жарыяланган болчу. Кийин кримтөбөлгө эч жерде иштебей туруп байлык топтогону үчүн мыйзамсыз кирешелерин адалдаштырган деген айып тагылган. УКМК Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган ар кандай класстагы 19 автоунаа, 15 турак жай жана 35 жер тилкеси сыяктуу көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээлик кыларын билдирген.