Бак кулап басып калган аял жаракат алган

Бишкекте бак аялдын үстүнө кулап, ооруканага жеткирилген. Бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, окуя Абдымомунов менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

«Бак кулап басып калган аял жаракат алган, бирок эч жеринде сынык болгон эмес. Учурда амбулатордук даарыланууда», — деп билдиришти мекемеден.

Эске салсак, бир күн мурун Бишкектин борборунда бак 13 жаштагы кыздын үстүнө кулаган.