Тажикстан менен Кыргызстандын футбол оюнундагы беттешүүсүнө президент катышат

Бүгүн, 14-июнда саат 21:00дө Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Тажикстандын командасы менен оюн талаасына чыгат.

Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өтө турган беттешке президент Садыр Жапаров дагы катышарын анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Азия кубогунун тандап алуу оюндары алты өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтүүдө. Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойнойт. Тайпадагы ар бир команда буга чейин экиден беттеш өткөргөн.

Учурда Тажикстан менен Кыргызстандын экиден жеңиши бар, алар алтыдан упайга ээ.