Алымкадыр Бейшеналиев жогорку кан басым менен жабыркайт, – жактоочу

СИЗОдогу саламаттыкты сактоо министри кызматынан убактылуу бошотулган Алымкадыр Бейшеналиевдин кан басымы көтөрүлгөн. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Анын айтымында, учурда анын абалы жакшы деп бааланууда, анын дем алуусунун тездегени байкалган.

“Алымкадыр Бейшеналиев жогорку кан басым менен жабыркайт. СИЗОдо ысык болгондуктан кан басымы көтөрүлгөн. Бүгүн ал текшерилүүдөн өтөт. Ал ага коюлган айыптар боюнча макул эмес жана биз анын күнөөсүздүгүн далилдейбиз. Бишкек шаардык соту бул ишти 16-июнда карайт”, — деп билдирди ал.

2-июнда Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармаган.