Садыр Жапаров: “Вицеликти тарта албайм деген Бактыбек Калмаматов президент болом деп чыкты”

«ВБ» редакциясы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен маектешти. Мамлекет башчысы учурда маанилүү болуп жаткан бир катар суроолорго жооп берди.

— Салам алейкум! Садыр Нургожоевич, мага кенен убакыт берип, бардык суроолорума жооп берүүгө макул болгонуңуз үчүн терең ыраазычылык билдирем.

— Алейкум салам! Эч нерсе эмес. Суроолоруңузду бере бериңиз.

— Эмки суроом Бактыбек Калмаматов боюнча болмокчу. Ал дагы «мени саясий куугунтук кылып, өч алуу болуп жатат» деди. Ушул чынбы?

— Чынын айтсам ошол жигитке көңүл деле бурбайм. Аны саясий куугунтук кылып эмне кылам.

Эгер Бактыбек кадыр-баркы эң жок дегенде 10 пайыз эл колдогон саясатчы болсо бир жөн. Бир пайыз добуш албаган балага башымды оорутуп эмне кылам. Мен ал бала боюнча бир да жолу жаман сөз айткан эмесмин. Ошол эле убакта ал бала мен жөнүндө эмне деген гана ыплас сөздөрдү айтып келди. Бирок мен көңүл бурган жокмун.

Мен Премьер-министр болгондо 2020-жылдын 7-8 октябрь күндөрү Бактыбек Калмаматовду «биринчи вице премьер-министр болуп иштеп бер» деп кабинетиме чакыргам. «Байке, мен биринчи вице-премьер болуп иштей албайм, өкмөттүк иштерде иштеген эмесмин, тажрыйбам жок, ачыгын айтайын ишти тарта албайм, андан көрө мен депутаттыкка барам» деп кетип калган. Кийин карасам вицеликти тарта албайм деген Бактыбегим Президент болом деп чыкты.

Бул баланы артында турган карт бөрү карышкырлар «сен ушинтип кыйкырып чык» деп кокутуп сүрөп коюп жатышат. Алардын баарын кимдер экенин билебиз. Алардын да жооп берчү убактысы келет. Жаш бала алардын курмандыгы болуп калды. Фейк аккаунт ачып алып, элди кайраштырып, тополоң чыгып кетсе экен деп аракет кылып жатат. Кылган кылмышы үчүн жооп берсин да.

Артында турган ою жаман саясатчыларга Бактыбектин тагдыры баары бир. Алар үчүн анын тагдыры бир тыйынга татыбайт. Эптеп эле мамлекетте баш аламандык болуп кетсе, биз бир кызматка илинип калалы дегендер. Активист жаштарга — балдарга жана кыздарга ошондой саясатчылардын тузагына түшпөгүлө деп айтаар элем.