“Кумтөр” боюнча юридикалык документтерге кол коюу процесси жүрүп жатат, – өлкө башчы

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” басылмасына маек куруп жатып билдирди.

Өлкө башчы белгилегендей, “Кумтөр” Кыргызстанга өткөнү анык.

Ал эми кол коюу жумуштары жазга чейин бүткөрүлөт. Садыр Жапаров бул маселеде мурдагы президент Аскар Акаевдин өлкөгө эки жолу келип, тергөөгө берген сурагынын пайдасы тийгенин айткан. Андан сырткары тергөө менен кызматташкан мурдагы өкмөт башчылары жана депутаттардын да көрсөтмөлөрү таасир эткенин президент белгилеген.

Өлкө башчы “Кумтөр” тууралуу маалыматтар бир тараптуу толук чечилип бүткөндө гана кенен маалымат берилерин билдирди.

Мындан сырткары мамлекет башчы учурда коомдо талкууланып жаткан депутаттар Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматованын айланасындагы маселелерге, жаңы парламенттин иши, өлкө экономикасы, кармалган саясатчылар тууралуу суроолорго жооп берди.