Акылбек Жапаров коррупциялык схема түзгөн Нурлан Сулаймановго карызбы? Сүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде 15-январь күнү кеңешме өткөрдү.

61e2d2749d873 Акылбек Жапаров коррупциялык схема түзгөн Нурлан Сулаймановго карызбы? Сүрөт

Министрлер кабинетинин сайтына жарыяланган маалыматка тиркелген сүрөттө кеңешмеге катышкан бир адамдын бети жабылган. Бул социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, бир топ суроолорду жаратты.

Белгилей кетсек, экс-депутат Нурлан Сулайманов буга чейин транспорт министрлигин жетектеген. Башкы прокуратура Сулаймановго ал транспорт министри болуп турганда коррупциялык схема түзгөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») боюнча айып тагылган. 2012-жылы Сулайманов үч айга дарыланууга Германияга учуп кеткен. Өлкөгө жети жылдан кийин 2019-жылы кайтып келген. Кийин ага карата кылмыш иши токтотулганы белгилүү болгон. 2020-жылы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде катышкан.