Жыйында Нурлан Сулаймановдун сүрөттөгү бети атайын жабылган эмес

Министрлер кабинетинин жыйынында отурган мурдагы депутат Нурлан Сулаймановдун сүрөттө бети атайын жабылган эмес. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде 15-январь күнү кеңешме өткөргөн

Маалым болгондой, мурдагы транспорт министри Нурлан Сулайманов бүгүнкү күндө Акылбек Жапаровдун коомдук башталыштагы кеңешчиси.

«Сүрөттөгү Сулаймановдун жүзүн атайы жабуу аракети болгон эмес, анын техникалык түшүндүрмөсү бар. Ал эми аты-жөнү ачык эле көрүнүп турат. Нурлан Сулайманов бүгүнкү күндө Министрлер кабинетинин төрагасынын коомдук башталыштагы кеңешчиси. Белгилей кетсек, коомдук башталгыштагы кеңешчиге мамлекет тарабынан айлык төлөнбөйт, жөн гана консультациялык көмөк көрсөтөт»,-деп билдиришти Министрлер кабинетинен.