Бишкекте айдоочу окуучуну сүзүп, үйүнө жеткирип, 200 сом берип качып кеткен

Бишкекте айдоочу мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 17-январда кечке маал болгон. Анда Юнусалиев жана Койбагаров көчөлөрүнүн кесилишинен 11 жаштагы өспүрүмдү айдоочу сүзүп кеткен.

Күмүш түстөгү «Тойота Марк 2» унаасынын айдоочусу өспүрүмдү сүзүп кеткенден кийин, баланы унаасына отургузуп, үйүнө чейин жеткирип, чөнтөгүнө 200 сом салып туруп, изин жашырып кеткен.

Учурда өспүрүм ооруканада, ал эми айдоочу изделип жатат.