Нарын дарыясына 7-март күнү түшүп кеткен сегиз жаштагы бала табыла элек

Нарын дарыясына 7-март күнү сегиз жаштагы Т.Т. аттуу жаш бала түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, издөө иши сегиз күндөн бери жүргүзүлүп жатат, бирок азырынча натыйжасыз болууда.

Бүгүн жерине 20 куткаруучу тартылып, издөө иштери уланууда.