Рустам Балтабаев: Кумшекер боюнча өлкөдө коркунуч жок. ЕАЭБден тышкары мамлекеттерден да алып келе алабыз

Орусия мамлекети Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге дан эгиндерин жана кумшекерди экспорттоого убактылуу тыюу салат деген маалыматтар таргаган. Бүгүн белгилүү болгондой орус өкмөтү ЕАЭБ мамлекеттерине дан эгиндерин ал эми үчүнчү өлкөлөргө шекерди сатууну убактылуу токтотту. Орусиядан Кыргызстанга кумшекер кирбей калган учурда да чоң коркунуч жок экенин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев BULAK.KG сайтына айтып берди.

“Бүгүнкү күндө биз ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын башын бириктирип иштеп келебиз. Азыр коомдо көп айтылып жаткан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылып, өз салымыбызды кошконго эмгек кылып жатабыз.

Кыргызстандын министрлер кабинети 2009-жылы азык-түлүктүн негизги тогуз түрү боюнча өлкөбүз өзүн канчалык камсыздай алат деген изилдөө жүргүзүп, атайы токтом кабыл алган. Анын натыйжасында белгилүү болгондой, бул азыктардын ичинен биз өзүбүздү болгону 2-3 түрү менен гана камсыз кыла алабыз. Алар сүт азыгы, картошка жана сезондук жашылча жемиштер, калган кумшекер, суу май жагынан импортко көз карандыбыз.

Мамлекетибиз жылына 110 миң тоннадай кумшекер керектесе, анын ичинен 40 миң тоннадайын өзүбүз өндүрүп келебиз. Башкача айтканда шекер менен өзүбүздү 40-45 пайызга камсыздасак, калган көлөмдү сырт жактан ташып келебиз.

Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин келишиминин алкагында Кыргызстанда атайы квота бар. Анын негизинде биз аталган уюмга кирбеген үчүнчү өлкөлөрдөн 70 миң тонна кумшекерди алып келүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Буга чейин Орусиядан жыл сайын 20 миң тонна ташып келчүбүз, демек ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары жакын арада шекер алып келсек эч кандай бул тармакта маселе болбойт.