Равшан Жээнбеков эркиндикке чыгат

Саясатчы Равшан Жээнбековдун «Кой-Таш» иши боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Аны тергөө абагында кармоо мөөнөтү узартылган жок. Иш кечээ, 22-декабрда Биринчи май райондук сотунда каралган.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында, 28-декабрда Равшан Жээнбеков №1 тергөө абагынан чыгарылышы керек.

«Соттун мындай чечимине Равшан Жээнбековдун бир жылдан ашык абакта отурганы, айыпталуучулардын айрымдары бир жылдан ашык убакыт үй камагында болгону себеп болгон. Жаңы Жазык-процесстик кодекс бул бөгөт коюу чараларынын мөөнөтүн 1 жылдан ашык узартууга тыюу салат», — деди жактоочу.