Фарид Ниязов менен Равшан Жээнбековду камакка алуу чечими жокко чыгарылды

Бүгүн, 22-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясынын фигуранттарын камакка алуу мөөнөтүн узарткан жок. Бирок бул чечим Алмазбек Атамбаевге тиешелүү эмес.

Отурумга сот Азирет Медеров төрагалык кылды. Конвойлор сот залына Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовду жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жеенбековду жеткирди. Ал эми Алмазбек Атамбаев отурумга катышпай турганын билдиргенин сот маалымдады. Ага өзүн жакшы сезбегени жана стационардык дарыланууда болгону себеп болгон.

Сот Медеровдун маалыматы боюнча, Кой-Таш окуясы боюнча фигуранттарды камакка алуу мөөнөтү 27-декабрда аяктайт. Камактагы Равшан Жээнбеков 27-декабрда саат 12:00дө бошотулушу керек.

Ошондой эле Фарид Ниязовду камакта калтыруу чечими жокко чыгарылды.

Жактоочу Замир Жоошевдин маалыматы боюнча, Кой-Таш окуясына байланыштуу бардык фигуранттарга карата чыккан чечим өзгөртүлдү. Бул иш боюнча камакта жалгыз гана Равшан Жээнбеков отурган.