Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды

Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймагындагы Максат айылына жакын жерде – Арка-Максат жолунда бараткан автоунаага “ок атылды” делген тасма 22-декбарда түштөн кийин соцтармактарда тарады. Бул окуя боюнча Баткен облустук чек ара башкармалыгынын жетекчиси тажикстандык кесиптештери менен жолугушуп жатканы маалым болду.

YouTube video

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез жаңжал чыгып турат. Ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашык адам жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 адам жаракат алганы расмий кабарланган.