Ноокатта 10 жаштагы бала октон жараат алды

Фото иллюстративное

Ош облусунун Ноокат районунда 10 жаштагы бала октон жараат алып, ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-май күнү Кызыл-Кыянын милициясына шаардык ооруканадан Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл аймагынын 10 жаштагы Б.М. аттуу тургуну үйүндө жыгылып түшүп, жараат алып кайрылгандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Аталган факт маалыматтык электрондук журналына катталып, аймактык караштуулугу боюнча Ноокат райондук милициясына жиберилген.

«Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө, 1-май күнү кечки саат 19:30 чамасында жабырлануучу көчөдө ойноп жүргөндө коңшусу — 42 жаштагы К.О. аттуу жаран пневматикалык ок атуучу тир куралы менен кокустан атып алганы аныкталган. Аталган жаран баланы Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына алып барган», — деп айтылат маалыматта.

8-май күнү жабырлануучунун 46 жаштагы тайэнеси Д.Д. милицияга арыз менен кайрылган.

«Аталган факты боюнча териштирүү иштери уланып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп билдиришти милициядан.