Бишкектен Раззаковго авиакаттам иштей баштайт

«Манас» Эл аралык аэропорту Бишкек — Раззаков — Бишкек багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды жанданат. Бул тууралуу 10-майда аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, каттамдарды 16-майдан тартып «Тез Жет» авиакомпаниясы аткара баштайт. 

Учуулар жумасына эки жолу — шейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.