Ысык-Көлдө 4 мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан көлдүн акваториясында үзгүлтүксүз жүргүзүп келген рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 4 мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү жана текшерүү учурунда кармалган браконьерлерден 1 даана  үйлөмө кайык, 88 даана “чабак”, 12 даана “форель”, 6 даана “судак”, жана 28 даана “сига” балыктары  табылып алынган.

Атай кетсек, аталган фактылар Түп районунун Кудургу айылынын аймагында, Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө, Тамга жана Ысык-Көл районуна караштуу Семеновка айылдарынын көл жээктеринен  аныкталган.

Аталган фактылар Түп, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 310 (Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз улоо жана олжолоо) беренсинин негизинде кылмыш иши козголгон.

a8f2ac0b 97ac 4fbe aa22 18c381753d90 Ысык-Көлдө 4 мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды
fa8e9727 29fa 432a 8e34 282ce17ba54e 1 1080x630 1 Ысык-Көлдө 4 мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды
6dc7c1b6 a68b 4edf aa1c 521881bdf38e Ысык-Көлдө 4 мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды