Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу дүйнө чемпионатынын жарым финалга чыкты

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Ташкентте өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

Ал 57 кг салмакта күч сынашууда. Бүгүн, 10-майда Сейитбек уулу жарым финалга өтүү үчүн тажикстандык Асрор Вахидов менен беттешти. Үч раунддун жыйынтыгы менен жеңиш кыргызстандык боксчуга берилди.

12-майда ал финалга чыгуу үчүн өзбекстандык Абдумалик Халоков менен таймашат.