УКМК: Күкүрт кислотасын жана электролитти мыйзамсыз сактоо жана пайдалануу фактыларына бөгөт коюлду

      Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, күкүрт кислотасын жана электролиттерди мыйзамсыз сактоого жана колдонууга бөгөт коюу максатында Сокулук айылынын 1984-жылы туулган тургуну «М.Ж.» кармалды.

      Такталгандай, жашаган жеринен тиешелүү уруксат документтери жок, аларды сактоо шарттары боюнча мыйзамдарды бузган жана  салык органдарында эсепке алынбаган 1 тоннадан ашык даяр электролит, 5 тоннадан ашык күкүрт кислотасы табылган.      
Белгилей кетсек, күкүрт кислотасын жана электролитти колдонуунун негизги багыттарынын бири наркотикалык препараттарды, анын ичинде алтын рудаларын кайра иштетүү үчүн өндүрүү болуп саналат.
      Учурда бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
fb2f6f8d 874b 4ebf a527 5ba86209ee01 УКМК: Күкүрт кислотасын жана электролитти мыйзамсыз сактоо жана пайдалануу фактыларына бөгөт коюлду
f905f775 49b6 4555 aefc f07ab5b6918f УКМК: Күкүрт кислотасын жана электролитти мыйзамсыз сактоо жана пайдалануу фактыларына бөгөт коюлду
2820918f cb84 4476 8a6e 36b6ccf47f2c УКМК: Күкүрт кислотасын жана электролитти мыйзамсыз сактоо жана пайдалануу фактыларына бөгөт коюлду
5082de64 90eb 4872 ba9f 0f83a10b19d3 УКМК: Күкүрт кислотасын жана электролитти мыйзамсыз сактоо жана пайдалануу фактыларына бөгөт коюлду
5bfdb511 12d6 4ede 8358 83bf51b2eceb УКМК: Күкүрт кислотасын жана электролитти мыйзамсыз сактоо жана пайдалануу фактыларына бөгөт коюлду