Талас: “Менин милициям мени коргойт” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү

Айтматов РИИБдин Аманбаев айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери “Менин милициям мени коргойт” аталышындагы иш-чара өткөрүштү. Бул туурасында Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.


“Иш-чаранын жүрүшүндө кылмыштуулуктун алдын алуу жөнүндө театрлаштырылган оюн-зооктор аткарылды. Мекенди сүйүүгө багытталган ырларды ырдоо жана футбол оюну менен коштолду. Бул иш-чаранын ачылышын коомдук коопсуздук кызматынын башчысы милициянын подполковниги Руслан Айманбетов окуучуларга окууларына ийгиликтерди каалап, иш-чараны ачып берди. Калыстар тобунун мүчөсү болуп милициянын кенже лейтенанты Нурбек уулу Улан, ошондой эле Аманбаев айылынын социалдык адиси Венера Калыбекова жана айылдык аксакалдар сотунун төрагасы Анаркул Нурманбетов катышышты.

Иш-чаранын максаты жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жана ошондой эле баңгизаттарын колдонуудан оолак болуу, таксикомания сыяктуу зыяндуу заттардан алыс болууга чакыруу. 10дон ашуун мектептердин окуучулары командалары менен катышты”, -деп айтылат.

Балдар өз ара ынтымакташып, достуктан тышкары жакшы көңүл ачышты. Окуучуларды шыктандыруу максатында жеңген командалар РИИБи тарабынан кубок жана медалдар менен сыйланышты.

1998c3f2 fb8c 4359 9b08 bd504d0cd63d Талас: "Менин милициям мени коргойт" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү
aa10b1af 4c67 4d63 8120 087ca02f5cdb Талас: "Менин милициям мени коргойт" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү
40c63514 cebb 4fb5 a5a2 f5c8fc00fa41 Талас: "Менин милициям мени коргойт" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү
dfebee8f d25c 45b2 8952 399ddaec7317 Талас: "Менин милициям мени коргойт" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү
d3316580 44d3 49a3 832f 8340f0a8265f Талас: "Менин милициям мени коргойт" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү
92a4f0e5 1c89 4b90 ac0b 33f3883f7c4c Талас: "Менин милициям мени коргойт" аталышындагы иш-чара өткөрүлдү