Чек ара кызматы: Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта “саат 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда, Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылганы” айтылат.

Аталган мекеме 21-сентябрь, саат 19.00гө карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды такталбаган маалыматтарга жана ар кандай ушак-айың кептер менен коомчулуктун тынчын албай, маалыматтарды тактап чыгууга чакырды.

Быйыл 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. “Озоди” өз булактарына таянып чек арада каза болгон 63 адамдын тизмесин чыгарды.

20-cентябрда Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөгөндө да тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга “чыккынчылык менен кол салганын” айткан.

Жапаров коңшу мамлекетке ишеним солгундап кеткенине карабай, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын ортомчулугу менен сүйлөшүүлөргө Кыргызстан даяр экенин билдирген.