Кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 21-сентябры саат 19.00гө карата мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

Бүгүн, 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда Тажик Республикасынын аймагында эки жолу ок атылган.

Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына ок атылды делген жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

КР УКМКнын Чек ара кызматы жарандарды социалдык түйүндөрдөгү ишеничсиз басылмалар жана ар кандай ушак-айың кептер менен коомчулуктун тынчын албай, тиешелүү органдар менен болгон маалыматтарды тактап чыгууга чакырат.