Кесиптешин куткаруу үчүн тажиктер менен кармашка түшкөн фельдшер. Аны жок кылышты

“Жаңы-Жер” чек ара тозотунун фельдшери прапорщик Медетбек Абдумалик уулу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта өз баатырдыгын көрсөтүп, өмүрүн аябастан кесиптеш аскер кызматкерлеринин өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

image 21 1 <strong>Кесиптешин куткаруу үчүн тажиктер менен кармашка түшкөн фельдшер. Аны жок кылышты</strong>

16-сентябрь күнү Абдумалик уулу жанындагы башка чек ара кызматкерлери менен бирге Кыргызнасос жерлигинде куралдуу кармашка түштү. Душмандын зооттолгон техникасы жана баш кесерлери басып кирип келе жатканда фельдшер моюнунан ачык жараат алган. Убакытты жоготпостон ал өзү айрылган моюнун кадимки ийне-жип менен тигип алып, кайрадан кармашка өткөн.

 Медетбек чек арадан алысыраак башка позицияга качуу буйругун алганы менен андай кылган эмес. Ал жанындагы аскерлерди алыстап кетүүгө чакырып, позициясында жалгыз калган. Андан соң башка позицияда жаракат алган солдат жалгыз калганы тууралуу маалымат түшкөн. Прапорщик аны куткарууга жөнөгөн кезде тажиктер тараптан миномет менен ок жаап, Медетбектин жанынан мина жарылып аны толкундуу күчү менен урган. Майда чачырандылардан жараат алган фельдшер огу түгөнүп калган катардагы жоокер Нурислам Карыбековдун жанына жаракатына карабай жетип барганы менен, аны да, өзүн да куткара албай калган. Душмандар оор техникага жашынып келип аларды атып салышкан.

“Алар көптөгөн оор жаракаттарды алып, каны төгүлүп жаткан эле… Каршылык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок эле”, – дейт Чек ара кызматынан.

Ал аскер кызматкерлеринин кыймыл аракеттери чек арачыларга жардам келип калган башка позицияга жылып кетүүгө мүмкүнчүлүк берди. Алардын сөөгүн кийинки күнү гана алып кетүүгө мүмкүнчүлүк болду. Тажик тараптан келишимге карабастан ок атуу уланып жаткан маал эле. Ал жерден тажикстандыктар өздөрүнүн 5 аскеринин сөөктөрүн алып кетишти – деп айтылат маалыматта.