Равшан Жээнбековго «3-деңгээлдеги фиброз» аттуу диагноз коюлду

25-октябрда сотто Кой-Таш окуясы боюнча айыпталуучулардын бири Равшан Жээнбековдун ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдөн дарыланып келишине уруксат берүү өтүнүчү айтылды.

«Медициналык кароонун жыйынтыгы боюнча мага «3-деңгээлдеги фиброз» аттуу диагноз коюлду. Квалификациялуу медициналык дарылоо үчүн өтүнүчүмдү берем. Мен билдирип койгум келет — ден-соолугумдун абалы азыркы соттун жана бийликтин колунда», — деп билдирди соттук отурумда саясатчы.

Ал эми сот Азирет Медетов Жээнбековго диагноз койгон дарыгерди уккандан соң чечим чыгара турганын билдирди.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлиги Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анын тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып, бир офицер курман болгон.

Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы депутат Равшан Жээнбеков дагы абакта отурат. 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин абактан бошотулган Жээнбеков ушул жылдын август айында кайрадан камакка алынган.