Ош шаарында милиционерлердин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды

 Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ардагерлер кеңешинин чечими менен   1-ноябрь- Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн  97 жылдыгына жана  24-октябрь-ардагерлер кеӊешинин түзүлгөнүнүн 61 жылдыгына карата Ош шаардык ички иштер башкармалыгында көп жылдан бери үзүрлүү кызмат өтөшүп келе жаткан кызматкерлердин,  ардагерлердин жубайлары    Аккыз Каримова, Гүльнара Медетова, Даанахан Усманова, Динара Чалапинова, Зейнегүл Абдыкадырова, Канайым Сатыева, Тазагүл Абдыкадырова, Ижоботкон Бекташева, Жамила Токтобаева ИИМдин «Офицердин жубайы» медалына ээ болушту.   
  Ички иштер органдарында  кызмат өтөшкөн жубайларына көп жылдардан бери  үйдөгү таянычы,  жөлөгү  болуп келе жатышкан  милициянын офицерлеринин жубайларына бул сыйлыктар  салтанаттуу түрдө  25-октябрда өздүк курамдын алдында тапшырылды. Сыйлыктарды  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги  Канат Айдакеев  тапшырып жатып: «Бул биздин кызматкердин жубайларына кандай кырдаал болсо дагы милицияда иштеп жаткан өмүрлүк жолдошторуӊарга көрсөткөн колдооӊор үчүн   биздин жетекчилик тарабынан берилген сыйлык. Биз Сиздерге жана бардык  биздин кызматкерлердин жубайларына бизге ар тараптуу   колдоо көрсөтүп келе жатканыӊыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз»,-деди.

  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын  басма сөз кызматы
WhatsApp Image 2021 10 25 at 15.47.09 Ош шаарында милиционерлердин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды
WhatsApp Image 2021 10 25 at 15.47.09 2 Ош шаарында милиционерлердин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды
WhatsApp Image 2021 10 25 at 15.47.09 1 Ош шаарында милиционерлердин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды
WhatsApp Image 2021 10 25 at 15.47.08 Ош шаарында милиционерлердин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды
WhatsApp Image 2021 10 25 at 15.47.08 1 Ош шаарында милиционерлердин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды
WhatsApp Image 2021 10 25 at 15.47.07 Ош шаарында милиционерлердин жубайларына «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды