Кара-Кечеде ок атылды, айрым айдоочулар жараат алды

Кара-Кечеде көмүр ташыган айдоочулар менен кенди кайтарган атайын даярдыктагы “Альфа” бөлүмүнүн аскерлеринин ортосунда чыр чыкты. Буга байланыштуу видео Интернетке тарап, анда айрым айдоочулар жараат алганы айтылат.

“Кыргыз-Көмүр” мамлекеттик ишканасы муну “Азаттыкка” ырастады, бирок себеби жана жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек. Мекеменин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова абал жөнгө салынып, жумуш уланып жатканын билдирди:

“Кара-Кечеде кезек күтүү маалында айдоочулар менен “Альфанын” кызматкерлеринин ортосунда түшүнбөстүктөр болгон экен. Абал жөнгө салынды. Учурда бардыгы штаттык режимде иштеп жатат”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК), жергиликтүү милициядан маалымат алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

YouTube video