Бейшеналиев менен Жумабековдун ортосундагы чырга комиссия чекит коет

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун айланасындагы талашты Министрлер тарабынан түзүлгөн комиссия иликтеп чыгат.

Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Комиссия бул маселе боюнча өз ишин улантууда. Жакын арада анын жыйынтыгы белгилүү болот»,-деп билдирди ал.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри 4-февралда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун жоюп, анын базасында көп тармактуу шаардык клиникалык тез жардам ооруканасын түзүү боюнча буйругун чыгарды. Жетекчилигине Гулия Кожоакматова, башкы дарыгерликке Дамир Дүйшөнов дайындалган.

Ал эми эмгек жамаат жаңы жетекчиликти кабыл албай койгон.

Ал эми борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков министрдин чечимине нааразы болуп президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган. Ал президент кетирмейинче кызматтан кетпесин билдирген.

Ал эми кийин министр Алымкадыр Бейшеналиев таластыктардан кечирим сураган.