Бакыт Жетигенов абактан бошотулду

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов абактан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты анын жактоочусу Бактыбек Жумашев билдирди.

Анын айтымында, Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, Бакыт Жетигеновдун баш коргоо чарасы алынып салынды. 

Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңеш Бакыт Жетигеновго байланыштуу айыпты негизсиз деп таап, аны жоопко тартууга макул болгон эмес. Баш мыйзамга ылайык парламенттин депутаттары эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылышы мүмкүн.