БШК 7-чакырылыштын депутаттарын каттоону убактылуу токтотту

Боршайком 7-чакырылыштын депутаттарын каттоону убактылуу токтотту. Мындай чечим БШКнын 22-декабрда өткөн жыйынында кабыл алынды.

“Сотто биз кабыл алган чечимге каршы бир нече арыздар каралып жатат. Ошондуктан Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоону убактылуу токтотуп турабыз”, — деди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Буга чейин Боршайком ушул күнү шайлоодон утуп келген талапкерлерди каттап, 23-декабрда аларга депутаттык мандат тапшыруу пландалып жаткан. 7-чакырылыштагы парламент алгачкы сессиясын өткөрөрү кабарланган болчу.