Шаардагы көчөлөрдүн майрамга карата кооздолушу социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты

Жаңы жылга карата шаардагы көчөлөрдүн кооздолушу социалдык тармактарда талкуу жаратты. Интернет колдонуучулары жасалгалоого нааразы болушууда.

Ал эми мэрия аталган маалымат такталып жатканын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Бишкектин «Ала-Тоо» аянтын жана балатыны жаңы жылдык жасалгалоого 5 миллион 600 миң сомдон ашык каражат жумшала турганын буга чейин мэриядан билдиришкен. Маалыматка караганда, бул сумма 25 метрлик балатыны жасалгалоого, андан тышкары, «Ала-Тоо» аянтынын айланасында кооздоого жумшалат.