Садыр Жапаров Күжүрмөн тууну салтанаттуу тапшыруу аземине катышты

Бүгүн, 16-декабрда президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы 64479-аскер бөлүгүнүн түзүлүшүнүн 50 жылдык мааракесине жана Күжүрмөн тууну салтанаттуу тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

dos 6107 Садыр Жапаров Күжүрмөн тууну салтанаттуу тапшыруу аземине катышты

Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерин аталган аскер бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгы менен куттуктап, аскердик бөлүктүн күжүрмөн милдетин, тарыхын жана эмгегин айырмалаган ардактуу белги катары Күжүрмөн тууну тапшырды.

dos 6205 Садыр Жапаров Күжүрмөн тууну салтанаттуу тапшыруу аземине катышты

Жапаров бул аскер бөлүгү алгач Совет доорунда СССР мамлекетинин жогорку бийлик органдарындагы байланышты камсыз кылуу максатында түзүлүп, коюлган талаптарды так аткарып, күжүрмөн даярдыгы менен айырмаланып келгенин белгиледи. Бүгүн дагы УКМКнын алдындагы тапшырмаларды аткарууда аскер бөлүгүнүн салымы чоң экендиги күмөн жаратпайт.