Өзгөндө дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Асемай Полотова табылды

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 28-ноябрь күнү саат болжол менен 12:00 чамаларында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп, изделип жаткан.

Аталган факты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө дайынсыз жоголгон Асемайдын жүргөн жери такталып, 11-декабрда Ош шаарынан табылды.

Ал ата-энесине кайтарылып берилди.