Өзбекстанда кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Фуркат Сидиков менен достук, жана коңшулук  стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген кыргыз-өзбек мамилелеринин актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы байланыштардын натыйжасында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга басым жасалды.

Жогорку деңгээлдеги пландаштырылган иш-чаралардын уюштуруучулук жана мазмундук аспектилери каралды.