Тез бузула турган азык-түлүккө «жашыл коридор» ачуу сүйлөшүлдү

8-июнда Кыргызстандын Ташкенттеги элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүү комитетинин төрагасы Бахромжон Наркобилов менен жолугушуп, тез бузула турган азыктарга «жашыл коридор» ачууну сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле жолугушууда коңшу эки өлкөнүн айыл чарба товарын сыртка чыгарууну биргелешип өнүктүрүү, соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, кыргыз компанияларын импортёрлор реестрине киргизүү тууралуу да сөз болду.

Наркобилов өзбек тарап сүт, эт, балык азыктарын өндүргөн ишканаларды импортёрлор реестрине тез арада киргизүүгө даяр экенин билдирди.

Элчи Жаманбаев Ветеринария комитетинин диагностикалык борборуна барып, эт, сүт, балык, дан, жашылчаларды лабораториялык көзөмөлдөн өткөрүү процесси менен таанышты.