Ташкентте зомбулуктун менен 12 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды

Үстүбүздөгү жылдын 31-январында Ташкенттин Янгихаят районунда зомбулуктун жана киши өлтүрүүнүн белгилери менен 12 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Янгихаят райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн «в», «з» пункттары боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш ишине шектүү катары 29 жаштагы эркек киши Кылмыш-процессуалдык кодекстин 221-беренесине ылайык камакка алынган.

Маалымат үчүн айта кетсек, шектүү маркумдун үйүндө 2022-жылдын жай айларында жалданма жумушчу катары оңдоо иштерин жүргүзгөн.

Мындан тышкары, прокуратура бул иш боюнча чындыкты аныктоого тоскоол болгон учурларды болтурбоо максатында жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды жана башка маалыматтарды ачыкка чыгарбай тургандыгы айтылды.