Жумгалда жолду тоскон жергиликтүү тургундар боюнча ИИМ маалымат берди

12-декабрда Жумгал районунда болгон жол кырсыктардан улам Арал-Кочкор автожолун тосууга келен элдердин талаптарын Жумгал РИИБүнун начальниги У.Коноев жана райондук администрациянын аппарат жетекчиси М.Тентиев угушуп нааразы болгон элдерге түшүндүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолду тоскон жергиликтүү тургундар Баш Кууганды-Эпкин автожолунда тейлөө иштери тынымсыз жүргүзүлсүн, жолго тынымсыз суу сээп турушсун, жол жакшылап каралсын” деген негизги талаптарды коюшкан.

«Элге жолугушууга келген“Түндүк-Түштүк альтернативдик коридоруна кирген Баш Кууганды-Эпкин автожолун оңдоп түзөө иштерин жүргүзүп жаткан ишкана жолду толугу менен тейлөөнү жана жолго суу сээп турууну, түртүп түздөп турууну үзгүлтүксуз колго алыша тургандыгын билдирди. Ал эми алардын жолду тейлөө боюнча ишмердүүлүгүн толугу менен көзөмөлгө алууну Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы алды.

Учурда жергиликтүү тургундар менен Жумгал районундагы тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда атайын жыйындар өткөрүлүп, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт»,-деп айтылат маалыматта.