Жумгалда зордук-зомбулукту алдын алуу максатында тегерек стол өткөрүлдү

Бул тууралуу Нарын ОИИБи маалымдайт.

Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ата-энелер жана райондук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте тегерек стол өткөрүштү.

Иш-чаранын негизги максаты зордук-зомбулукту, рекетчиликти болтурбоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.

Анда мектеп окуучулары менен пикир алмашуу жүргүзүлүп, көйгөйлүү маселелер айтылып, бир катар ой-пикирлер ортого салынды.

Ошондой эле ар бир билим берүүчү орто мектептердин соц.кызматкери менен тыгыз иш алып баруу жагы макулдашылып, иш-чарага окуучулар жана ата-энелер активдүү катышып беришти.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 09 22 at 14.06.23 Жумгалда зордук-зомбулукту алдын алуу максатында тегерек стол өткөрүлдү