Бажы Iphone 14 PRO телефондорду мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт койду

«Манас» бажысы Iphone 14 PRO маркасындагы уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Манас» бажысынын кызматкерлери бажы контролун жүргүзүү учурунда Дубай — Бишкек каттамы менен келген жүргүнчүлөрдүн арасында Россиянын М.Г.О. аттуу жаранын кармашкан. Ал Iphone 14 PRO маркасындагы 15 уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылган.

Кармалган телефондордун болжолдуу баасы 2 млн 116 миң 500 сомду түзгөн.

Белгиленгендей, материалдар каттоого алынып, КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү органга өткөрүлүп берилген.