«Манас» бажысында маданий баалуулуктарга ээ болгон иконаларды мыйзамсыз алып чыгуу аракетин көргөн АКШ жараны кармалды

«Манас» бажысынын кызматкерлери УКМКнын 6-башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте «Бишкек-Стамбул-Нью-Йорк» каттамындагы «Turkish airlines» авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрүн текшерип кароо учурунда АКШ жараны «K.T.» токтотулган.

Жүктү бажылык текшерүүдө чемодандын ичинен иконалар түрүндөгү декларацияланбаган буюмдар, ошондой эле сүрөттөрдүн ассортименти табылган: Жыгач алкактагы 1 сүрөт, 4 чоң иконалар, 4 кичинекей жыгач иконалар, 3 кичинекей темир иконалар, 4 кагаз алкактары, 4 кагаздагы сүрөттөр, 1 китеп (Модерн в Русской иконе), 1 бурч мөөр (Гурьянов Василий Павлович), 2 сүрөттөрдөн кесиндилер. Буюмдардын жүк коштоочу документтери жок болгон.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин комиссиясынын корутундусуна ылайык, кармалган буюмдар ташылып кетүүгө жатпайт, анткени алар маданий баалуулукка ээ жана уникалдуу болушу мүмкүн, ошондой эле тарыхый жана маданий мааниси бар.

Буга байланыштуу чогултулган материалдар КБР МКЖ АДСке катталып, маңызы боюнча кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.