Бишкек шаарынын кесилиштерине 16 светофор орнотулду

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин линиясы боюнча 23 светофордук объектилерди орнотуу уланууда.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 14 транспорттук жана 2 жөө жүрүү светофордук объект орнотулган. 10 объект пайдаланууга берилди жана автотранспорттун агымын толук жөнгө салууда.

Белгилей кетсек, светофорлор шаардык бюджеттин каражат эсебинен орнотулду.

Жаңы объектилер төмөндөгү кесилиштерге орнотулган:

  1. Усенбаев – М. Куренкеев көчөлөрүнө;
  2. Ахунбаев – Тагай Бий көчөлөрүнө;
  3. Киев – К. Акиев көчөлөрүнө;
  4. Москва- К. Акиев көчөлөрүнө;
  5. Осмонкул-Куренкеев көчөлөрүнө;
  6. Садырбаев-Кара Коо көчөлөрүнө;
  7. Фучик – С. Лазо көчөлөрүнө, №54 Орто мектеп (жөө жүрүүчү);
  8. Садырбаев-Матисаков көчөлөрүнө (магистральная);
  9. М. Горький – К. Тыныстанов көчөлөрүнө;
  10. Чүй проспект –К. Акиев көчөсү;
  11. Профессора Зимы-Баялинов көчөлөрүнө, №75 Орто мектеп

Ошондой эле, бүгүнкү күндө 4 транспорттук жана 1 жөө жүргүнчү светофордук объектини пайдаланууга берүү жана кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Кийинки көчөлөрдүн кесилиштеринде:

  1. Л. Толстой – М. Достоевский көчөлөрүнө;
  2. Уметалиев – Жибек – Жолу көчөлөрүнө;
  3. Ахунбаев – Шералиев көчөлөрүнө;
  4. Байтик Баатыр көчөсү 8 жана 9 кчр ортосуна (жөө жүрүүчү);
  5. Медеров – К. Тыныстанов көчөлөрүнө.

Транспорт департаменти кесилиштерде 7 транспорттук светофор объектисин курууга конкурс жарыялады:

  1. Шералиев-Куюков көчөлөрүнө;
  2. Сухэ-Батор -7-Апрель көчөлөрүнө;
  3. Салиева-Буденного көчөлөрүнө;
  4. Манас-Кокчетавский көчөлөрүнө;
  5. Профсоюзная – Бородина көчөлөрүнө;
  6. И. Ахунбаев – К. Тыныстанов көчөлөрүнө;
  7. Л. Толстой – М. Ауэзов көчөлөрүнө.

Бул светофорлор орнотулуп, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет.