The War Zone Тажикстан тарабынан Кыргызстандын Ак-Сай айылына урулган соккусун жарыялады

Америка Кошмо Штаттарынын The War Zone аскердик-аналитикалык басылмасы Ак-Сай айылынын Спутник картасынан Тажикстан тарабынан Кыргызстандын Ак-Сай айылына урулган соккусун жарыя кылды.  Спутниктен тартылган ал кадрлар тынымсыз чабуул жүрүп жаткан 16-сентябрда тартылган.


Атай кетсек, Ак-Сай айылы эки ири турак жай массивине бөлүнгөн, анда үйлөр бири-бирине тыгыз жайгашкан. Айылдын бир бөлүгү Ак-Суу дарыясына жакын жайгашкан (түштүк-чыгышында), экинчи бүлүгү түндүк-батышында. Алардын ортосунда айдоо аянттары бар.


Түштүк-Чыгыш бөлүгү Тажикстандын чек арасына, Ворух анклавына жанаша жайгашканын кошумчалай кетели.  Ак-Сайдын жанында бир-эки тажик үйлөрү орун алган, андан кийин Ак-Суу дарыясы агат,  бир канча дөбөлөр, айдоо талаасы, токой, андан кийин гана тажиктер жашаган калктуу пункт.
Мындагы кадрга караганда, соккунун негизги бөлүгү так ошол участкага тийип жатат (түштүк-чыгыш жагына). Баяндамачынын айтымына караганда, кадрдагы түтүн кыргыз айлына урулган соккунун натыйжасында чыгууда, болжол менен РСЗО (реактивная система залпового огня) соккусунан.

Ал эми Ак-Сай айлынын түндүк-батышында үч чакан кадра Тажикстандын соккусун көрсөтүлгөн: биринчи кадрда үч сокку, экинчи кадрда-сокку учуру жана үчүнчүсүндө акыркы сокку. Тажикстан тараптан урулган соккунун натыйжасында бир канча үй талкаланган.


The War Zone басылмасы дүйнө жүзүндөгү аскер жаңжалдары боюнча адистешкен.  Спутник кадрларын алар planet.com.  порталынан алышкан.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 183 киши жабыркады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө БУУнун бийик трибунасынан өлкөнүн түштүк чек араларында түзүлүп жаткан актуалдуу кырдаалга дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы себепсиз агрессияга байланыштуу акыркы окуяларды эске алды.