Лионель Месси 7-жолу “Алтын топту” алды

«ПСЖнын» чабуулчусу Лионель Месси «Алтын топтун» ээси болду. 34 жаштагы аргентиналык футболчу бул сыйлыкты 7-ирет жеңип, рекордд жаратты.

Экинчи орунда Криштиану Роналду турат, анда 5 «Алтын тобу» бар.

2021-жылы Месси «Барселона» менен Испаниянын Кубогун жеңип, 2020/21 сезонун 30 гол менен Ла Лиганын эң мыкты бомбардири катары аяктаган жана Аргентина менен биринчи жолу Америка Кубогун жеңген.